Жети миңге жакын орусиялыктар кыргыз жарандыгын алууга арыз берди

11:54, 25 октября 2022, Бишкек - 24.kg

Жети миңге жакын орусиялыктар кыргыз жарандыгын алууга арыз берди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов билдирди.

Жогорку Кеңеште Орусиядагы мобилизациядан качып келгендерге качкын статусун берүү сунушталууда.

Талант Имановдун айтымында 9 айда 192 миң Россия жараны келген. Анын 603ү кыргыз паспортун алышса, дагы 7 миң 200ү арыз жолдоду.