«Би-Би-Синин» билдирүүсүндө, 357 консерватор-депутаттын ичинен 203ү кайсы талапкерлерди колдой турганын коомчулукка ачык жарыялаган. Алардын 53ү гана экс-премьерди колдогон.
Жонсондун каршылаштары — мурдагы финансы министри Риши Сунак 127 депутаттын, Жамааттар палатасынын лидери Пенни Мордонт 23 депутаттын добушуна ээ болгон.
Сунактын жактоочулары Жонсонду колдогондордун саны тууралуу маалыматтан күмөн санап, аны далилдөөнү талап кылып жатышат.
Ушул маалга чейин Пенни Мордонт гана премьерликке жарышка түшөрүн расмий жарыялады.
Борис Жонсон быйыл жайда өз партиясындагы кесиптештеринин көпчүлүк бөлүгүнүн колдоосун жоготуп, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийинки жарышта Риши Сунак менен Лиз Трасс эң негизги атаандаш болуп, Трасс утуп чыккан.