Баткенде жабыркагандардын 250 насыясы кечирилди

11:28, 20 октября 2022, Бишкек - 24.kg

Баткенде жабыркагандардын 250 насыясы кечирилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
 
Анын айтымында, 13,5 миллион сомдук насыя кечирилип, 13ү реструктуризацияланган.
 
«Ак-Сай айылынын четинде бир кичинекей тооккананы миллиондук чоң ишканага айландырган ишкердин каза болгонун билесиздер. Анын банктагы бардык карызын кечтик — дээрлик 9 млн сомго жакын каражат экен. Ал жерди өзүм барып көрдүм. Ферманы калыбына келтирип, аны дагы кеңейтүүгө (кормцех) акчалай жактан жардам берүүгө убадамды берип келгенмин», — дейт Акылбек Жапаров.