Маданият министрлигине жалган маалыматты таркатуу боюнча 8 кайрылуу түшкөн

12:48, 18 октября 2022, Бишкек - 24.kg

Маданият министрлигине «Жалган маалыматтан коргоо» мыйзамынын алкагында 8 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу маалымат жыйында министрдин орун басары Чынгыз Эсенгулов билдирди.

Анын айтымында, комиссия арыздардын негизинде эки сайттын ишин 2 айга токтотуу чечимин кабыл алган. Кийин министрлик бирөөсүн артка кайтарып алган.

Чынгыз Эсенгулов калган арыздарда маалыматтар толук берилбегенин белгиледи.