USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

9 айда 1 миң 379 бала жол кырсыгына кабылды

16:34, 13 октября 2022, Бишкек - 24.kg

Жыл башынан бери 1 миң 379 бала жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу маалымат жыйында Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Канатбек Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, 2021- жылга салыштырмалуу балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын саны 1 пайызга көбөйгөн. Өткөн жылдын тогуз айында 1 миң 363 кырсык катталган.

«2021-жылдын тогуз айында 83 бала жол кырсыгында каза тапса, быйыл — 79. Былтыры 1 миң 655 бала жабыркаса, быйыл 1 миң 672 бала», — дейт ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика