АКШ Кыргызстан менен жаңы келишим түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр

10:13, 11 октября 2022, Бишкек - 24.kg , Жазгуль МАСАЛИЕВА

АКШ Кыргызстан менен жаңы келишим түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр. Бул тууралуу мамлекеттик катчынынын коомчулук менен байланыш боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Кеннеди-Трюдо билдирди.

Ал АКШ Кыргызстанды өзүнүн күчтүү өнөктөшү катары көрөрүн айтты.

«Бз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярбыз. Ар бир эгемендүү өлкө өзүнүн өнөктөшүн өз алдынча таңдай алат. АКШ Кыргызстан менен кызматташууга даяр», — деди Элизабет Кеннеди-Трюдо.

Белгилей кетсек, АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык боюнча келишимди Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги мезгилинде бир тараптуу жокко чыгарылган.