Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25,5 пайызга жетиши күтүлөт

14:36, 07 октября 2022, Бишкек - 24.kg

Дүйнөлүк банк Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25,5 пайызга жетишин божомолдойт. Бул тууралуу уюмдун октябрь айына карата отчетунда айтылат.

Дүйнөлүк банк өлкөдөгү азык-түлүккө баа, жумушсуздукту башкы көйгөй катары жакырчылыкты күчөтүүгө алып келип жатканын белгилейт. 2021-жылы күнүнө 3,65 долларга жан баккан калктын 21 пайызы, 2022-жылы 25,5 пайызга өсөт.

«Өкмөттүн пенсияны жана айлык акы көбөйтүү аракети ахыбалды жумшартат», — дейт Дүйнөлүк банк.