Жергиликтүү милиция кызматкерлери дин кызматкерине кол салуу болгонун тастыкташып, бейбаш психикалык жактан жабыркаган адам экенин айтышты.
76 жаштагы молдо «Озоди» радиосуна билдиргендей, ал кол салууга өткөн аптада жаназа учурунда кабылган.
«Кол салган киши артымда турган, бирок ал жалгыз болгон эмес деп ойлом. Жаш жигит күтүүсүз мени электрошокер менен урду. Шериги ага кандайдыр бир белги бергенде, ал качып кетти», — деди Хайдар Шарифзода.
Куляб шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы кол салган кишинин тек жайы аныкталганын, ал психикалык жактан жабыркай турганын кабарлады. Дин кызматкерине кол көтөрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголобу-жокпу белгисиз.
Молдо Хайдар Шарифзода Тажикстандагы жарандык согуштун алдында диний ишмерлердин арасында таасирдүү фигуралардын бири болгон. 1990-жылы Тажикстандын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Акыркы жылдары саясат менен алектенген эмес. Ал ар түрдүү жолдор менен чет өлкөгө диний билим алууга кеткен жаштарды кайтарууну жактап, Иран менен Сириядагы согушка катышкан тажикстандыктарды айыптап келген.