Тажикстан Баткендин тургундарынын уурдалган мүлкүн кайтарды

14:13, 06 октября 2022, Бишкек - 24.kg

Тажикстан Баткендин тургундарынын уурдалган мүлкүн кайтарды. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда,Ворухтун милициясы Ак-Сай айыл тургундарына таандык 14 жылкы жана 2 автоунааны өткөрүп берген.

Белгилей кетсек, 16-сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусунда 640 үй жабыркап, жергиликтүү тургундардын мүлктөрү тонолгон.