Макмалалтындын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

15:10, 05 октября 2022, Бишкек - 24.kg

«Кыргызалтын» ААКнун «Макмалалтын» комбинаты филиалында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө, «Кыргызалтын» ААКнун «Макмалалтын» комбинаты филиалынын жана «Кыргызалтын» ААКнун «Кыргызалтын-курулуш» филиалынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан жалпы 2 миллион 143 миң 686 сомдук материалдык баалуулуктар жок кылынгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча Тогуз-Торо райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-Жаза Кодексинин 245-беренеси («Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу») менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.