Жогорку Кеңештин төрагалыгына Нурлан Шакиев сунушталууда

15:04, 05 октября 2022, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин төрагалыгына Нурлан Шакиев сунушталууда. Бул тууралуу вице-спикер Улан Примов парламенттик жыйында билдирди. 

Анын айтымында, «Ата Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Альянс» фракциялары Нурлан Шакиевди колдошту. 

Белгилей кетсек, бүгүн Талант Мамытов кызматын тапшырды. Ал чечимин парламенттин чек ара балйаныштуу жабык жыйынындагы окуяга байланыштырды. 

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин жабык жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бир жащик автомат көтөрүп келип, залда чатак чыккан.