Билим берүү жана энергетика министрлери кызматтарынан алынды

17:09, 03 октября 2022, Бишкек - 24.kg

Билим берүү жана энергетика министрлери кызматтарынан алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Бекмурзаев Доскул Жумагулович энергетика министри кызматынан бошотулду.

Дагы бир Жарлыгы менен Садыр Жапаров Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевичти билим берүү жана илим министри кызматынан бошотту.