Бишкекте таштандыларды бөлүп чогултуу үчүн аянтчалар орнотулат

11:05, 27 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

Таштандыларды бөлүп чогултуу боюнча пилоттук долбоорду уюштуруу үчүн борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жыйыны өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сө кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаарды өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин өкүлдөрү катуу таштандыларды өзүнчө бөлүп чогултууну уюштуруу тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Ташкентке иш сапары менен барышкан.

Сапардын жыйынтыгында ар бир районго бирден таштанды чогултуучу жай орнотуу чечими кабыл алынды.