Анда Токаев мамлекет башчысы катары шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүгө кепилдик берерин айтып, өнөктүк калыс, ачык жана жергиликтүү, эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусунда өтөрүн белгиледи.
1-сентябрда парламентте сүйлөп жатып Токаев президенттик мөөнөттү кайра шайлануу укугусуз жети жыл деп чектөөнү сунуштаган. 17-сентябрда Казакстанда Конституция өзгөртүлүп, президенттик ыйгарым укуктун мөөнөтү азыркы беш жылдан жети жылга узартылып, кайра шайлануу укугу алынып салынган.
Өлкөнү үч жылдан бери башкарып келе жаткан Касым-Жомарт Токаев келерки шайлоого катыша турганын билдирген. Эгер 20-ноябрдагы шайлоодо утса ал бийлик башында жалпысынан 10 жыл отурат.
Байкоочулар шайлоону атаандаштык шартында өткөрүүгө убакыт жетишсиз болуп калганын айтып жатышат.