Садыр Жапаров БУУнун ассамблеясында кыргыз-тажик чек ара маселесин көтөрдү

09:21, 21 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

20-cентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга токтолду.

Жапаров 14-17-сентябрда ондогон адамдын өмурүн алган окуяны «масштабдуу аскердик кагылышуу» деп атап, Тажикстанды «бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады» деп айыптады.
«Ушул жылдын 14-15 жана 16-сентябрында Кыргызстандын түштүгүндө масштабдуу аскердик кагылышуу болгондугун терең кайгыруу менен кабарлайм. Мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, тажик тарап, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объектилерге чабуул жасады. 140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды», — деди Жапаров.

Бул окуяда тилектештик жана моралдык колдоо көрсөткөндүгү үчүн БУУ системасына, өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, чек арадагы соңку окуяда жарандык жана аскердик объектилерге, мектеп, үйлөргө, чек ара тозотторуна чоң материалдык зыян келтирилгенин белгиледи.

«Тажикстан тараптын эч кандай себепсиз эле жасаган ушундай куралдуу агрессиялык жүзүкаралык акциялары бизди өтө капа кылууда, анткени биздин өлкөлөрдүн ортосунда эл аралык келишимдер жана милдеттенмелер түзүлгөн болчу. Биз тажик кошунабыз менен кандай гана форматта болбосун, эл аралык эрежелердин негизинде, цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүү процессин улантууга даярбыз. Коңшубуздун мыйзамга каршы соңку аракеттеринин кесепетинен биздин ишенимибиз солгундап кеткендигин эске алып, биз сүйлөшүүлөрдү улантууга эл аралык, анын ичинде БУУ, Европа Кызматташтык жана коопсуздук уюму, Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюму сыяктуу уюмдардын ортомчулугуна да даярбыз. Бизде тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар».

Президент Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жана өткөн жылдардагы адам өмүрүн алган окуяларды мисал келтирди. Чек араларды тактоо боюнча макулдашууларга кол коюп, аны аткарууга эки өлкө тең милдеттенме алганын айтты.