«Барымтада турган төрт жоокерибизди алып чыктык. Төртөө тең аман-эсен. Бирөөнүн бутунда бир аз жаракат бар экен. Азыр баарын ооруканага толук текшерүүгө алып кетти, эртең туугандарына өткөрүп беребиз», — деди Ташиев.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан 14-17-сентябрь күндөрү 40 аскер кызматкери курман болуп, 70тен ашууну түрдүү жаракат алган. Бир нече аскер кызматкери дайынсыз жоголгону кабарланган.
Кыргызстан 19-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында каза болгон жарандарын жоктоп, аза күттү.