Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев 19-сентябрь күнү кечинде Баткенде журналисттерге билдирди.
«Документтин мазмуну — бүгүнкү болуп жаткан иштерди өркүндөтүп, тынчтыкты сактоо жана бекемдөө үчүн жүргүзүлүп жаткан иштерди улантуу. Чек арада акырындык менен тынчтык орной баштады. Бүгүнкү жолугушуу менен биз тынчтыкка дагы бир кадам таштадык. Бир аз болсо да ишеничтүү боло баштады десек болот».
Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салууну иликтөө үчүн эки тараптан түзүлгөн биргелешкен комиссия 20-сентябрда ишин улантарын кошумчалады.
Кыргызстан 19-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында каза болгон жарандарын жоктоп, аза күттү. Соңку расмий маалымат боюнча, 14-17-сентябрь күндөрү бери дегенде 59 кыргызстандык мерт болду, алардын кыркы аскер кызматкерлери экени айтылды. 164 адам түрдүү жаракат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.