Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда канча адам набыт болгону айтылды

18:13, 19 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын жоготуулары Тажикстандыкына салыштырмалуу аз экенин Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов маалымат жыйынында билдирди.

«Билдиргендей, тажик тараптан 200дөн ашуун жоокер набыт болуп, 400дөй киши жарадар болгон», — деди ал.

Белгилей кетсек, тажик бийликтери расмий түрдө 35 киши каза болуп, 30га жакыны жарадар болгонун жарыялаган.