17:53, 19 сентября 2022, Бишкек - 24.kg
Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Арка-2 айылында тажик аскер кызматкерлеринин чабуулунан улам ондогон үйлөр талкаланган. Жолдордо снаряддар жана патрондор жатат.
24.kgнин журналисти Лейлек районундагы биринчилерден жабыркаган айылдардын бирине барган.
Жергиликтүү тургундар шашылышта үйлөрүн таштап кетишкенин, кийин алар тонолгон жана өрттөлгөнүн айтышкан. Айыл тургундарынын айрымдары конушка кайтып жатышат, бирок аялдар менен балдардын көбү үйлөрүнө келүүдөн коркушат. Көбү үйү жок калышты.
Арка-2 конушундагы дүкөндүн ээси Гүлайым Добутова аткылоодон жабыркаган айылга кайтууга батынган саналуу аялдардын бири. Анын айтымында, адамдар өз өмүрү үчүн коркушат.
«Биз Жогорку Кеңештин депутаттары жана президентибиз чек ара маселесин биротоло чечип берсе. Биз коркунучтуу жашоодон чарчадык. Үйүбүз, дүкөндөрүбүз... баары күйүп кетти. Балдарыбыздын келечеги кандай болорун билбей, ошого аябай кыжаалатбыз. Бүгүн бул жерде толтура лөлүлөр жүрүшөт, эгер биз кайтып келбесек, алар талап-тоноп кетишмек», — дейт ал.
Арка-2 айылынын тургуну Сулайманкул Жолдубаевдин үйү тонолгон. Тажик жарандары муздаткыч, сыналгы жана баалуу буюмдарды уурдап кетишкен.
«Үйлөр тонолгон. Мен бул жерде төрөлгөм, бул жерде жашоо ансыз деле кооптуу», — дейт ал.
Кыргыз айылдарына кол салуу учурунда Талант Кошалиев унаасы менен жумушуна келе жаткан. Болгон окуяны угуп, артка бурулуп, үй-бүлөсүн Маргун айылына алып кеткен. Бүгүн айылга кайтып келип, үйүмдүн күйүп кеткенин көрдү.
«Ызычуу башталган күнү тоого кеткенбиз. Үйдүн өрттөнгөнүн кечээ угуп, көрдүк. Ага чейин бизди бул жака түшүргөн жок, бул жакта жалаң аскерлер жургөн. Эртең менен жумушка жөнөгөм, саат 8.00 танка же миномет менен атып башташкан. Чуркап келип, үй-бүлөмдү Маргун айылына алып кеттим. Үйдү 2010-жылы кура баштагам. Москвадан иштеп, акырындан куруп бүткөнбүз. Туруктуу жашаганыбызга беш жыл болгон. Азыр кандай зыян келтиргенин айта албайм», — деди ал.