Ош шаарында Баткенде каза болгон жарандарды эскерип куран окулду

12:58, 19 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 19-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтында Баткенде курман болгон кыргызстандыктарды эскерилип, куран окулду. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эскерүү иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлер, аксакалдар, жарандар катышты.

Фото

Эске сала кетсек, 19-сентябрь Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.