12:10, 18 сентября 2022, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 18-сентябрда саат 15:00дө КР Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйыны уланат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жыйын жабык эшик артында өтөт.
Эске салсак, 2022-жылдын 16-сентябрында төрага Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү» мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакырган.
Ошол кезексиз жыйындын алкагында бүгүн депутаттар үчүнчү жолу чогулат.