10:06, 18 сентября 2022, Бишкек - 24.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткенде душмандын огунан каза тапкан куткаруучунун сүрөтүн жарыялады.
Ал Баткен шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган лейтенант Ысманов Айбек Абдималикович болгон. Маркум 2010-жылдан бери КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгында кызмат өтөп, Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип жаткан.
«2022-жылдын 16-сентябрында кызматтык милдетин аткаруу учурунда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуудан улам душман огунан каза тапты. Артында 3 уулу, жубайы калды», — деп айтылат маалыматта.