Тажик чек арачылары Кулунду жана Жаңы-Жер айылдарын кайтадан аткылады

19:15, 16 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

Буга чейинки ок атууну токтотуу жөнүндөгү келишимди бузуп, тажик чек арачылары Лейлек районунун Кулунду жана Жаңы-Жер калктуу пункттарында жайгашкан кыргыз аскерлерин аткылады. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Саат 18.00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалган бойдон калууда. Баткенде тажиктер реактивдүү системаны колдонуп аткылоодо.

«Кыргызстандын Чек ара кызматы ок атууну толугу менен токтотуу үчүн бүт аракетин жумшоодо», — дешти ведомстводо.