Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу. Парламент кезексиз жыйынга чогулат

11:24, 16 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 16-сентябрда саат 13:00дө төрага Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү» мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакырат.

Белгилей кетсек, жыйын жабык эшик артында өтүп, депутаттар Баткен облусундагы кырдаалды талкуулайт.