Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын, «Улуттук энергохолдинг» ААКсынын, «Кыргызжылуулукэнерго» МИнин кызматкерлерине эмгек акыларга кошумча үстөктөрдү, иш сапар чыгымдарын мыйзамсыз төлөнгөндүгү, отун ресурстарын сатып алуулар жана башка фактылары боюнча 11 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун наамына энергетика системасында аныкталган коррупцияга каршы мыйзамдардын сакталбагандыгы, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби, кирешелерди декларациялоо мыйзамдарынын бузулушу аныкталып, тиешелүү кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо тууралуу сунуш киргизилген.
Тактап айтканда, энергетика министри Доскул Бекмурзаев Салык кодексинин жана «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын талаптарын бузуу менен 2022-жылы ага жана анын жакын туугандарына таандык болгон кирешелер, чыгашалар, мүлк жана милдеттенмелер боюнча декларация тапшырган эмес. Ошондой эле, Бекмурзаев 2021-жылы Мамлекеттик салык кызматына тапшырган декларациясында атайын айрым кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн толук көрсөткөн эмес.