Кыргыз-тажик чек арасындагы Как-Сайда ок атышуу токтоду

15:14, 14 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 14-сентябры саат 14.40ка карата Баткен районунун Как-Сай жерлигинде эки Тараптын чек ара тарамдарынын ок атышуусу токтогондугун маалымдайт.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат.

Эки республиканын чек ара делегацияларынын сүйлөшүүлөрү уланууда.