Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу жанданды

14:34, 14 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

2022-жылдын 14-сентябры саат 14.00гө карата Баткен районунун Как-Сай жерлигинде Тажик Республикасынын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин чек арачылары КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен чек ара отрядынын «Достук» чек ара заставасынын чек арачыларын көздөй ок чыгарышкандыгын маалымдайт.

Кыргыз чек арачылары жооп кайтарып ок чыгарышты. Ок атышуу уланууда.