Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан эки аскер жаракат алды

14:03, 14 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

2022-жылдын 14-сентябры Булак-Башы жерлигинде орун алган куралдуу чыр-чатактын натыйжасында КР УКМКнын Чек ара кызматынын 2 аскер кызматкери жаракат алгандыгын маалымдайт.

Минометтун снарядынын жарылышынын натыйжасында бир чек арачы жеңил жараат алган — минометтун снарядынын сыныктары денесине чийип өтүп, экинчи жоокер контузия алды.

Аларга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, аскер кызматкерлери дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Алардын ден соолугунун абалы канааттандырарлык деп бааланууда.