23:03
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

«Гаваи» эс алуу борборунун ээлеринин бири бюджетке 800 миллион сом тѳктү

Тиешелүү кылмыш ишинин алкагында эс алуу борборлордун ээлеринин бири Журат Абдуллаевге карата куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү фактысы боюнча тергөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө алынган тиешелүү экспертизанын корутундусу мурда Абдуллаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси («Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») боюнча коюлган айыпты тастыктады.

Ошол эле учурда, тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу Абдуллаевдин демилгеси менен ага коюлган кылмышты мойнуна алуу боюнча келишим түзүлгөн.

Журат Абдуллаевге карата жүрүп жаткан кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, иш материалдары Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна андан ары кароо үчүн өткөрүлүп берилди.

2022-жылдын 12-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Абдуллаев күнөөлүү деп табылып, жаза катары 100 миң сом айып пул төлөө каралды.

Белгилей кетсек, аталган иштин алкагында Абдуллаевкелип чыгышын тастыктай албаган улуттук жана чет элдик валютадагы жалпы суммасы 800 миллион сомдон ашык акча каражаттар, ар кандай курал-жарактар, ок-дарылар жана согуштук техникалар алынган.

Тергөөнүн жана сот өндүрүшүнүн жыйынтыгы менен алынган курал-жарактар, анын ичинде аңчылык куралдары жана техникалар Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилди жана 800 миллион сомдон ашык суммасындагы акча каражаттар толугу менен республикалык бюджетке чегерилди.

Эң көп окулган жаңылыктар