Улуттук гвардиянын эки аскери зордуктоого шектелип кармалды

09:41, 13 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

Аскер прокуратурасы Улуттук гвардияда кызмат өтөгөн эки аскерди зордуктоого шек санап кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-сентябрда Б.У аттуу кыз 4-сентябрда түнкү саат 04:30 чамаларында Сыдыков жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз кишилер күч колдонуп, машинеде зордуктаганын айтып, арыз менен кайрылган.

Аскер прокуратурасы бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 154-берене («Зордуктоо») менен кылмыш ишин козгоп, 11-сентябрда Улуттук гвардиянын эки аскери У.А жана А.Тны шектүү катары камакка алды. Алардын бөгөт чарасы бүгүн, 12-сентябрда каралат.

Буга чейин социалдык тармактарда эки бала зордуктоого айыпталып жатканы жөнүндө кабар тараган. Улуттук гвардия — Кыргызстандагы барктуу аскер бөлүгү болуп эсептелет.