Сокулук районунда чет элдик жаран учакта акча уурдап кармалды

12:02, 12 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

Сокулук районунда чет элдик жаран учакта акча уурдап кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБке арыз менен Россиянын жараны П.И. кайрылып, арызында 2022-жылдын 6-7 сентябрь күндөрү Бишкек — Стамбул рейси менен келе жаткан учактын бортунда, белгисиз адамдар $6 миң 700 уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган окуя боюнча Сокулук РИИБтин тергөө кызматында Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде («Уурулук») көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтоо иштеринин натыйжасында, бул кылмышты Кытайдын жараны 1984-жылы туулган З.Х. экендиги такталып, шектүү катары кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Фото

Тергөө уланып жатат.