Коррупцияга каршы курултайдын мүчѳсү баңгизаты менен кармалды

10:16, 09 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

Узак мөөнөттүү атайын иш-чаранын жүрүшүндө Тажикистан — Кыргызстан каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдө оор баңги заттарды — афган тектүү «чарс» ташуу менен алектенген эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 8-сентябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексинин жүрүшүндө, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары анын ичинде Коррупцияга каршы улуттук курултайдын «Элдик палатасы» коомдук бирикмесинин мүчөсү О.Н.О., Ш.Т.А. жана Т.З.Ж. кармалган, алардан — жалпы салмагы 17 кг 192 гр афган тектүү «чарс» баңги заты табылып алынган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы бармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Фото

Учурда бул баңги тобунун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.