09:21, 09 сентября 2022, Бишкек - 24.kg
Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II каза болду. Бул тууралуу BBC жазды.
Елизавета II Шотландиядагы Балморал сепилинде дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон, ал жакка буга чейин ханышанын үй-бүлөсү мүчөлөрү чогулган.
Өлкөнү 70 жыл аралыгында башкарып турган Елизавета II 96 жашында дүйнө салды.