11:24, 08 сентября 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргыз-казак чек арасындагы эки өткөрмө бекетинде адамдардын, унаалардын жана жүктөрдүн өтүүсү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Чалдыбар — унаа жол» өткөрүү бекетинде бүгүн саат 11:00дөн 14:00гө чейин жана 17:00дөн 20:00гө чейин, «Чоң-Капка — унаа жол» бекетинде эртең саат 19:00дөн 21:00гө чейин адамдардын жана унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулат. Өткөрүү пункттары Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын техникалык базасын жаңылоого байланыштуу жабылат.
Чек ара кызматынан белгилешкендей, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттары штаттык режимде иштейт.