12:34, 07 сентября 2022, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин отурумунда бир катар депутаттар Кадамжайда мектеп окуучусу зомбулуктан каза болгон окуяга байланыштуу пикирин билдирип, балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн педофилдердин жазасын катуулатуу керектигин айтышты.
Депутат Ырысбек Атажанов Ички иштер министрлигинин жетекчилигин парламенттин жыйынына чакырып, алардан Кадамжайдагы окуя боюнча маалымат алууну сунуш кылды:
«Бул улуттук трагедия болуп жатат. Бир эле жолу эмес, жылда болууда. Бүгүн сөзсүз укук тартибин коргоо органдарынын маалыматын уксак ушул окуя боюнча. Чечкиндүү кадамдарга барсак, мыйзамдарды өзгөртүп, педофилдерге өлүм жазасын киргизсек жакшы болот эле», — деди ал.
Балага зордук көрсөткөндөрдү катуу жазалоо керектигин депутаттар Алишер Козуев жана Тазабек Икрамов да айтып, бул үчүн мыйзамдарды өзгөртүүнү сунуш кылышты. Депутат Марлен Маматалиев жазалоо чаралары күчөтүлгөн мыйзам жакында кабыл алынганын, бирок өлүм жазасына Кыргызстандын Конституциясы жол бербей турганын кошумчалады.
4-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ноогардан айылында 14 жаштагы кыздын колу тушалган, мойнунда муунтуунун тактары калган сөөгү табылган. Бул кылмышка шектүү катары 24, 25 жана 27 жаштагы үч жергиликтүү тургун кармалды. Айрым маалымат булактары кыз зордуктоого кабылып өлтүрүлгөнүн жазып чыгышты.