19:07, 02 сентября 2022, Бишкек - 24.kg
Украинада аскердик аракеттер уланууда. Россиянын атайын операциясы 2022-жылдын 24-февралында башталган. Күн өткөн сайын өмүрү кыйылган аскерлер менен бирге жай тургундардын саны өсүүдө. Бир катар өлкөлөр Россияга каршы санкцияларды киргизди.
24.kg кырдаалга көз салууну улантууда. Биз Украинага байланыштуу 4-августка карата эң актуалдуу маалыматтарды топтодук.
— Россиянын коргоо министринин билдирүүсү
«Николаево-Криворожский жана башка багыттарда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн (УКК) чабуулдары уланууда, душмандын кыйла жоготуулары бар», — деди Сергей Шойгу селекторук жыйында деп жазат «Интерфакс».
— Америкалык Согушту изилдөо институтунун маалыматы
— УКК Башкы штабынын маалыматы
— Херсонго контрчабуул жасалгандан кийин Киев калыбына келе албайт, деп жазат британ гезити Evening Standard. Анын пикиринде, УКК аракеттери стратегиялык мүнөздө эмес, символикалуу. Аскер кеңешчилери каршы болгонуна карабастан Владимир Зеленский буга барды. Гезиттин ою боюнча, Украина президенти союздаштары, өзгөчѳ УККнын алдыга жылуусун байкабаган Евробирмдигинин колдоосунан кол үзүүдөн коркот.
Россия фейктер менен күрөшүүдө
Россияда армия жана Украинадагы атайын операция боюнча фейктерге карата 100 кишиге кылмыш иши козголду. Булардын көбү 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн деп жазат Deutsche Welle «Агора» эл аралык укук коргоо тобунун жетекчиси Павел Чиковго шилтеме жасап.
Тогуз кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыкты:
Россияга каршы санкциялар жана алардын кесепети
— Украина конфликтин создуктуруудүйнөдөгү энергоресурстар менен азык-түлүктүн жетишсиздигин тереңдетет, андан соң 2018-жылдагы глобалдуу экономикалык кризистен да өткөн кризиске алып келиши мүмкүн, дейт ВТО жетекисинин мурдагы орун басары И Сяочжунь.
«Азыр дүйнө экономикасында инфляциянын стагфляциясы, карыздар, пайыздык үстөктөрдүн өсүшү байкалууда», — деп жазат РИА Новости.
— Россиялык таксопарктар унаа жана кошумча тетиктердин жетишсиздигине душар болду, ошондуктан «Яндекс.Такси» «АвтоВАЗу» заводуна кайрылып, унаа берүүнү суранды, дейт Forbes.
— Норвегиянын Equinor компаниясы Россиядагы долбоорлордон чыгып кетти. РФтен толугу менен кеткен бул биринчи мунай газ компаниясы болду. Бул компаниясы «Роснефтинин» ири чет өлкөлүк инвестору эле, деп жазат Би-Би-Си.
— Германия Россиядан газ импорттоодон толугу менен баш тарта албайт, деди ФРГ канцлери Олаф Шольц. «Газ менен камсыздоо маселесин чечебиз. Россиядан аз болсо да, газ келет, ошондуктан бул маселени чечүү кыйла татаал болчудай. Жашообузду кыйындатпай эле коелучу», — деди ал Эссен тургундары менен жолугушууда.