10:34, 01 сентября 2022, Бишкек - 24.kg
Министрлер кабинетинин төрага орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, артыкчылык даражасынан тышкары Ташиевге Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшырылды.
Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ошондой эле мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекеттик ишмер, Түрк мамлекеттеринин уюмунун акскалдар кеңешинин мүчөсү Медетхан Шеримкуловго ыйгарылды.
Мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды
Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеевге ыйгарылды (каза болгондон кийин).
Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы кинорежиссер, сценарист Шамшиев Болотбек Төлөновичке ыйгарылды (каза болгондон кийин).