10:30, 01 сентября 2022, Бишкек - 24.kg
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн иш-чарадан соң «Ала-Тоо» аянтынан жалпы 4 тоннадан ашык таштанды чыгарды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштерине жалпы 60 кызматкер, 8 атайын техника анын ичинен 5 таштанды чыгаруучу жана 3 жолду жуучу техника тартылган.
Майрам учурунда аянтка жалпы таштанды салуучу 20 пластик челектер жана 20 даана биодаратканалар орнотулган.
Ошондой ишкананын кызматкерлери сахнаны, тосмолорду орнотушкан.
Эскерте кетсек, 2021-жылы 31-августта да аянттан жалпы 4 тоннага жакын таштанды чыгарылган.