Бүгүн унаа жана турак үй салыгын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү

10:28, 01 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 1-сентябрда унаа, турак үй жана үй жанындагы жер тилкелерине салыкты төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салыкты төлөй элек жарандарды бүгүн салык милдеттенмесин аткарууга чакырылат.

Салыкты банктардын кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.