Жубайын сабап өлтүргөн мурдагы милиционер 12,5 жылга соттолду

12:23, 30 августа 2022, Бишкек - 24.kg

Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоонун мурдагы кызматкери жубайын өлтүргөнү үчун 12 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Облустук соттун басма сөз кызматынан билдиргендей, Ж.А.К. Кр Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине ылайык күнөөлүү деп табылып, 12 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды, мүлкү конфискацияланган эмес.

Соттолуучу жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт.

Мындан мурда 2021-жылы 29-декабрда 1992-жылы туулган жаран Э.Н. токмок жегенден кийин каза болгон. Анын жолдошу жогорудагы кызматкер адам өлтүрүүгө шектелип кармалган.