COVID-19. Соңку аптада 179 учур катталды

12:09, 29 августа 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 22-28-август аралыгында COVID-19дун 179 жаңы учуру катталды.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиргендей, жалпы катталган 26 бейтап ооруканага жаткырылып, 153ү амбулатордук дарыланууда.

2022-жылдын 22-августунан 28-августуна чейин тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан бирден аз, бул оорунун азайгандыгын көрсөтүп турат.