Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Эрмек Муратбек уулу «Азаттыкка» билдирди.
Маркумдардын сөөктөрү өздөрү туулуп-өскөн айылдарына коюлуп, ага өкмөт өкүлдөрү катышты.
Ош облусу:
1. Абдулхамид уулу Жакыпбек — 20.08.1990, Араван району, Гүлбаар айылы.
2. Бекмурзаева Диана Акылбековна — 04.09.1998, Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.
3. Кутманали уулу Сыймыкбек — 22.07.1999, Араван району, Гүлбаар айылы.
4. Сулайманова Уулкан Хакимовна — 15.10.1976, Кара-Суу району, Кенжекул айылы.
Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган. Каза болгондордун бешөө Баткен, бешөө Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары. Калган эки облуста маркумдардын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди.