Жети айда 332 бала жол кырсыгынан жабыркады

10:42, 19 августа 2022, Бишкек - 24.kg

Жыл башынан бери Бишкек шаарында жаш балдардын катышуусунда 332 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, андан 373 өспүрүм ар кандай жаракаттарды алып, экөө каза болгон.

Билдирүүдө кырсыктардын көбү сүзүү фактысы менен коштолуп жаткандыгы айтылат.

Милициянын кайгуул кызматы мектептерге бекитилген кызматкерлерге окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында атайын сабактарды өткөрүүдө.