09:33, 19 августа 2022, Бишкек - 24.kg
Баткен районунун Кыштут айылында чакан ГЭС ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыштут айылындагы Кыштут дарыясына кубаттуулугу 10 мегаватт болгон сметалык баасы 7 млн АКШ долларын түзгөн ГЭСтин курулушу 2021-жылы жеке ишкер тарабынан башталган.
ГЭСти 5 каскад менен куруу жагы пландаштырылып, учурда 1-каскадтын 100% жумушу аткарылды. Тактап айтканда, 2 даана бассейн, 700 метр аралыктагы канал курулуп, 5 чакырым аралыкка электр мамычалары орнотулуп, электр чубалгылары тартылган. Биринчи каскаддын курулушуна 800 миң доллар жумшалган.
Ишке киргизүү менен Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ, Кыштут, Чарбак, Согмент жана Таян айылдарын электр энергиясы менен камсыздалуусу күтүлүүдө.