Украинадагы конфликт. Күндүн маанилүү маалыматтары

20:25, 11 августа 2022, Бишкек - 24.kg

Украинада аскердик аракеттер уланууда. Россиянын атайын операциясы 2022-жылдын 24-февралында башталган. Күн өткөн сайын өмүрү кыйылган аскерлер менен бирге жай тургундардын саны өсүүдө. Бир катар өлкөлөр Россияга каршы санкцияларды киргизди.

24.kg кырдаалга көз салууну улантууда. Биз Украинага байланыштуу 4-августка карата эң актуалдуу маалыматтарды топтодук.

Аскердик аракеттер*

Россиянын Коргоо министрлигининмаалыматы:

  • 14 жана 66-бригаданын жеке курамынын басымдуу көпчүлүгү Артемовск жана Авдеевск багыттарындагы салгылашууларда курман болду.
  • авиация, ракеталык аскерлер жана артиллерия сутка ичинде жыйырмадан ашуун башкаруу пункттарына сокку жасашты.
  • Харьковдун жанындагы ракета жана артиллерия кампасы, Краматорскийдеги С-300 ракета комплексинин изилдөө локатору жок кылынды. Аскер куралдары жана жоокерлер топтолгон 264 районго чабуул жасалды.
  • «Град» ракеталык системанын үч взводу, «Акация» артиллериялык эки куралы жана Д-30 гаубицасынын үч взводу талкаланды.
  • Никополдун жанында россиялык аскерлер Ми-24 тик учагын атып түшүрүштү.
  • Жети пилотсуз учак жок кылынды.

Миналардан жабыркагандар

Пехотага каршы «Лепесток» минасынан жаракат алгандардын саны 37ге жетти. Бул миналарын Украина аскерлери ДНРдин калктуу пункттарына таштап кетишет, деп ДНРдин атышууну токтотуу тартибин көзөмөлгө алып, жөнгө салуу боюнча биргелешкен борбор билдирет, деп жазат ТАСС.

Украинанын Башкы штабынын маалыматы:

Россиянын негизги күчтөрү Донецк, Луганск, Херсонск, Харьков, Запорожск жана Николаевск облустарына багытталган.

  • Харьков жана Славян багыттарында массалык атышуулар жүрүүдө .
  • Краматорскийдин алдында реактивдүү артиллерия жана танктар чабуулга киришти. Григоровка жана Верхнекаменскийде чабуул жасалды, бирок ал ишке ашкан жок.
  • Бахмут багытында россиялык аскерлер танк жана артиллерия менен аткылап жатат, чалгындоо аракетин жасашты эле, бирок артка чегинүүгө туура келди.
  • Авдеевск багытында Марьинка жана Песковдо салгылашуулар уланууда.
  • Новопавловск жана Запорожьеде артиллерия менен аткылашуу жүрүп жатат. Павловканы басып алуу аракетин Украина аскерлери жокко чыгарды.

Фото

Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин маалыматы:

  • Россия брондолгон унааларга экспорттук табыштамасын бере албай калышы мүмкүн, себеби бул унаалар өзүнүн куралдуу күчтөрү үчүн керектелет жана Батыштын айрым санкиялары буга жол бербейт.
  • Россия коргоо өнөр жайын маанилүу экспорттук ийгилиги деп көптөн бери эсептеп келет. Бирок анын аскердик-өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүнө учурда күч келүүдө, ал эми россиялык аскерлер Украинада көп жерлерде жеңиле баштагандан кийин курандануу системасына болгон ишенич солгундай баштады.

Американын Согушту изилдөө институтунун маалыматы:

  • Бахмут жана Изюм аймагында россиялык аскерлер чабуул жасашты.
  • Донецкийдин түндүк-батышында айрым аймактар басылып алынды.
  • Россиялык аскерлер Харьковдун түндүгүн жана түндүк-батышын басып алууга аракет жасаганын менен, жеңишке жетишпеди.
  • Херсон облусунун түндүк-батышында россиялык аскерлер чалгындоо жасоо аракети орундалбады.
  • Орлов облусунан келген маалыматка ылайык, Россия ал жерде дагы бир ыктыярчылар батальонун топтоп жатат

Фото

Запорожский АЭСиндеги кырдаал

  • Украина бийлиги АЭСте ири чагымчыл операциясын даярдап жатат, муну менен алар ядерлик катастрофа болушу мүмкүн деп Европаны коркутмакчы. Бул тууралуу Запорожьенин аскердик-жарандык администрация кеңешинин жетекчиси Владимир Рогов билдирди деп жазат ТАСС.
  • Россиянын маалыматы боюнча, Украина бийлиги АЭСке бир нече жолу чабуул жасаган. Ал эми Киевдин айтымында, аткылоолор россиялык тараптан жүрүп жатат.

*Аскердик абалда жана маалыматтык согуш учурунда эки тараптын тең маалыматын ырастоо же жокко чыгаруу татаал.

Россия жана шенген визасы

— Германия канцлери Олаф Шольцтун айтымында, россиялыктарга шенген визасын берүүнү токтотууну ал элестете албайт. Украинадага согуштун башталышына карапайым жарандар күнөөлүү эмес, жоопкерчилик бийликте, деп түшүндүрдү ал. «Снакциялар баарына, бейкүнөөлөрдү кошкондо да, баарына багытталган болсо», анда ал анын эффективдүүлүгүн азайтмак, деп жазат РБК.

— Эстония ушул өлкө берген шенген визасы бар россиялыктарды киргизүүгө тыюу салды. Ушундай билдирүү менен республиканын тышкы иштер министри Урмас Рейнсалу чыкканын Delfi жазып чыкты. Кеп Эстония берген визалар тууралуу жүрүп жатат, башка өлкөлөр берген визаларга тыюу салынган жок.

— Россиялыктарга шенген визасын бербөө сунушун ЕС колдобойт деп Россия ишенет, деп айтты Евросоюздагы Россиянын өкүлү Владимир Чижов. Анын айтымында, Россияга карата санкцияларды күчөтүү боюнча Евросоюздун мүмкүнчүлүктөрү калбай калды, деп жазат ТАСС.

Украинадагы кырдаал тууралуу Кытайдын билдирүүсү

ТАССка берген интервьюсунда Москвадагы Кытай элчиси Чжан Ханьхуэй оВашингтонду күнөөлөп, НАТОнун коргоо альянсын бир нече жолу кеңейтип, Россияны бурча такап, Украинаны Евросоюзга интеграциялоого умтулуп жаткан күчтөрдү колдоп жатат деди.

«Украиналык кризистине башталышынын жана анын жалындашынын негизги демөөчүсү катары Вашингтон Россияга карата ар тараптуу санкцияларды киргизүү менен ок-дары жана курал жарактарды Украинага жеткирүүнү улантууда. Анын негизги максаты — кагылышууну жана санкцияларды улантуу менен Россияны жок кылуу», — деди элчи.

Украинаны европалык колдоо жөнүндө

Европалыктар Украинаны колдогону үчүн «өз баасын» толөөгө даяр болушу керек. Мындай пикирин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча ЕСтин башкы өкүлү Жозеп Боррель испаниялык El País гезитине берген интервьюсунда билдирди деп жазат ТАСС.

Айтымында, «Украинаны колдоосун жана ЕСтин биримдигин сактап калуу үчүн жарандар өз баасын төлөөго даяр болуулары керек». Украинадагы кырдаалдын Европага «тикеден тике» тийешеси бар, деди ал. «Согуштун баары сүйлөшүүлөр менен аяктайт. Биз Украинага согуштук жактан жардам бергенибиз сүйлөшүүлөр үчүн бү аракетибизди жумшаган жокпуз дегенди билдирбейт», — деди Жозеп Боррель.