Украинадагы конфликт. Күндүн маанилүү маалыматтары

18:00, 10 августа 2022, Бишкек - 24.kg

Украинада аскердик аракеттер уланууда. Россиянын атайын операциясы 2022-жылдын 24-февралында башталган. Күн өткөн сайын өмүрү кыйылган аскерлер менен бирге жай тургундардын саны өсүүдө. Бир катар өлкөлөр Россияга каршы санкцияларды киргизди.

24.kg кырдаалга көз салууну улантууда. Биз Украинага байланыштуу 4-августка карата эң актуалдуу маалыматтарды топтодук.

Аскердик аракеттер*

Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы:

  • Красногоровка калктуу пунктунда 54-бригаданын ок-дары кампасы, жана жети унаа техникасы жок кылынды.
  • Харьков облусунун Андреевка калктуу пунктунда жузго жакын улутчул жана 20 аскер унаасы талкаланды.
  • Пески калктуу пунктундагы чабуулдан кийин 56-пехота бригадасы салгылашуудан жеңилди.
  • Украинаны аймактарына учак армиясы, ракета жана артиллериялык чабуулдар уланууда.
  • Николаев облусунда Украинанын үч учагы атып түшүрүлдү.
  • Сутка ичинде украинаны пилотсуз тогуз учакы жана эки «Точка-У» баллистикалык ракетасы атып түшүрүлду.
  • Атайын аскердик операциясы башталгандан бери 267 учак, 145 тик учак, 1 миң 720 пилотсуз учак, 365 ракета комплекси, 4 миң 283 танк, 795 реактивдүу системадагы унаа, 3 миң 286 артиллериялык курал-жарактар жана 4 миң 807 атайын аскердик унаалары жок кылынды.

Украинанын Башкы штабынын маалыматы

  • Волын жана Полесс багытындагы абал өзгөрүүсүз калууда.
  • Россия тарабынан ракета жана учактар менен чабуул жасоо коркунучу сакталууда.
  • Харьковдо танк жана реактивдүү артиллерия аткылоосун улантууда.
  • Россия аскерлери Уда кыштагына чабуул жасап, бирок чегинди.
  • Славян багытында бир нече калктуу пункттар аткыланды.
  • Бахмут багытында танк жана реактивдүү артиллерия аткылоосун улантты.
  • Россия аскерлери Донецк — Пески багытындагы чабуулун баштады.
  • Новопавловск жана Запорожск багытындагы бир нече калктуу пункттар аткыланды.
  • Кара деңиздин жанында «Калибр» аттуу эки деңиз ракеталары чабуул жасоого даяр турат.
  • Украина аймагындагы аскер жана инфраструктура объектилерине чабуул жасоо коркунучу сакталууда.
  • Атайын аскер операциясы башталгандан бери Украинада 361 наристе каза болду, 705тен ашууну жаракат алды. Маалыматты Башкы прокурордун кеңсеси берди. Бул маалымат толукталып турат, себеби жерлеринде активдүу салгылашуулар уланууда.

*Аскердик абалда жана маалыматтык согуш учурунда эки тараптын тең маалыматын ырастоо же жокко чыгаруу татаал.

Блокко салуу

Instagram «Азовсталди» коргочуулар үй-бүлөлөрүнүн ассоциациясынын баракчасын жаап салды. Санарип министрлиги Metaга кайрылып, баракчаны калыбына келтирүүнү суранды.

Фото

Баракчага 33 миңден ашуун адам жазылган. Ассоциациянын айтымында, Instagram жана Meta компаниясы Украинадагы согуш темасы жана украиналык коргоочуларына көрө албастыгын көрсөтүп жатат.

Өзгөчө көңүл чордонунда

Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер: Запорож АЭСиндеги кырдаалга көз салуудабыз. Бактыбызга жараша, радиациянын деңгээли көтөрүлбөй, бир калыпта кармалып турат. АЭСтин жанында салгылашуу абдан кооптуу. Украинадагы ядерлик объектилеринин жанында салгылашууларды токтотууга Россияны чакырабыз, жана ал объектилерге болгон толук көзөмөлдү Украинага кайттарып берүүнү суранабыз.

Россия 11-августта БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү суранды, себеби — Киев Запорож АЭСине чабуул жасоодо, деп жазат РИА.

«Россия БУУнун жыйынын 11-августтун экинчи жарымында өткөрүүнү суранууда, себеби украиналыктар АЭСке чабуул жасоодо, бул болсо өз кезегинде катастрофага айланышы мүмкүн», — деп жазат агенттик.

Тыюу салуу күчүнө кирди

10-августта россиялык көмүрдү сатып алууга, импорттоого жана транзиттик ташууга Евросоюздун тыюусу күчүнө кирди.

Эми Евросоюз россиялык көмүрдүн ордуна Колумбия менен Австралиядан көмүр сатып алмай болду. Колумбиядан көмүрдүн импорту июнь айында төрт эсе өстүп, 1,2 миллион тоннага чейин жетти. Ал эми Австралиядан 1,1 миллион тонна алынды.

Өзбекстандын реакциясы

Украинага барып, салгылашууларга катышуу чакырыгы боюнча Өзбекстан үн катты.

Буга чейин Пермдеги өзбек диаспорасынын башчысы Жахонгир Жалолов мекендештерин топтоп, улуттук батальон түзүүну сунуштаган, анын айтымында «жеген нанын акташы керек».

Өзбекстандын эмгек мамилелер министрлиги мекендештерине кайрылып, «мындай чакырууларга көңүл кош карап, согушка катышпоого» чакырды.

Өлкөнүн Кылмыш кодексинде «Жалданмачылык» беренеси бар. Ага ылайык жаза мөөнөтү 15 жылга чейин берилет.

Хакерлердин чабуулу

Россиялык хакерлер Lockheed Martin аттуу ири коргоо компаниясын талкалап киришти. Бул компания Украина үчүн HIMARS системасын даярдайт.

Кызматкерлер үчүн авторлоштуруу системасы, NASA системасы иштен чыгып, компанияга кызматка орношуп жаткан адамдардын жеке маалыматтары уурдалды.

Сырттан иштөө үчүн кызматкерлер системага кире албай калды. Lockheed Martin сайты да иштебей калды.