«Тазалык» кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт

15:28, 10 августа 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкек мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын катуу таштандыларды чыгаруу бөлүмүнүн жумушчуларын, тактап айтканда жүктөгүчтөрдүн эмгек акысын көтөрдү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы айда эмгек акы 2 миң сомго көбөйтүлдү. Бул акча 15-августта 127 КТК ташуучуга чегерилет

«Ошондой эле жетекчилик айлыктарды август айында көтөрүүнү пландоодо», — деп баса белгилешти мэриядан.