18:00, 09 августа 2022, Бишкек - 24.kg
Украинада аскердик аракеттер уланууда. Россиянын атайын операциясы 2022-жылдын 24-февралында башталган. Күн өткөн сайын өмүрү кыйылган аскерлер менен бирге жай тургундардын саны өсүүдө. Бир катар өлкөлөр Россияга каршы санкцияларды киргизди.
24.kg кырдаалга көз салууну улантууда. Биз Украинага байланыштуу 4-августка карата эң актуалдуу маалыматтарды топтодук.
Россиянын Коргоо министрлигинин брифинги:
Украина Аскер күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматы:
— Сутка ичинде украиналык аскерлер ДНРди 81 жолу аткылады, 420 ок дары чыгарды, деп билдирет ДНР өкүлчүлүгү. Натыйжада Донецк, Макеевка, Горловка жана башка калктуу пункттарда 45 үй жана үч жарандык инфраструктура объектилери жабыркады.
— Украина бийлигинин берген маалыматына ылайык, тунү менен Харьков жана Никополь аткыланды. Облусттун борборунда трамвай жалдору жана электр тирегичтери бузулду. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Никополдо бир нече үй жана үч ишкана талкаланды. Кызматкерлердин бири жаракат алды.
Британ чалгынчыларынын баяндамасынан:
*Аскердик абалда жана маалыматтык согуш учурунда эки тараптын тең маалыматын ырастоо же жокко чыгаруу татаал.
— АКШ Украинага кезектеги, $1 миллиарддык 18чи аскердик жардамын жактырды. Киев HIMARS системасынын ок-дарыларын, артиллерия куралдарын, танкка каршы Javelin жана AT4 ок-дарыларын, миномет, брондолгон тез жардам унааларын, медициналык шаймандарын алат.
Жо Байден АКШ президенти болуп шайлангандан бери Украинага жардам катары $9,8 миллиардга жакын каражат берди, деп айтылат мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин билдирүүсүндө.
— «Вашингтон Украина кагылышынын «отуна май куйуусун» улантууда. Болүнгөн $1 миллиард АКШ аң сезимин укпастан, кагылышуунун тынчтык жолу менен чечилүүсүнө каршы турганын далилдеп турат», — деп жазат РИА Новости Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антоновдун элчиликтин Telegram-каналына жазган сөзүнө шилтеме берип.
Элчинин пикиринде, «АКШ кагылышууга батып, Россия менен тирешүүнүн кооптуу чекитине жакындап келе жатат».
«Украинанын башкы маскарапозу «Россиянын бүткүл калкын жоопкерчиликке тартууну» сунуштады. Акыркы жолу ушундай идеяларды Адольф Гитлер ишке ашырууну коздөгөн. Украина бийлигинин табияты тууралуу дагы суроолор барбы?» — деп жазат РФтин Коопсуздук кеңешини төрага орун басары Дмитрий Медведев өзүнүнтелеграм-каналында.
Владимир Зеленский Washington Postко интервью берип жатып, Россиянын баардык жарандарын Батыш олкөлөрүнө киргизүүгө тыюу салууга чакырды. Россиянын баардык жарандары өздөрү тандаган өкмөт үчүн жоопкерчиликтүу деп эсептейт Украинанын башчысы.
Russian Field социалдык кызматынын маалыматына ылайык, россиялыктардын 65 пайызы президент Владимир путин Украина менен кагылышууну токтотуп, тынчтык келишимине кол коюсун колдоп чыкмак, деп жазат «Коммерсант».
Иликтөөго ылайык, 60 пайызы «Киевге жаңы чабуулду» колдоп чыкты.
Сурамжылоого катышкан мырзалардын үчтөн экиси (62 пайызы) мумкүнчүлүгү болсо, Украинадагы салгылашууга катышууга даяр эмес.
Россиялыктардын 59 пайызы Украинадагы аскердик операция созулуп кеткенин айтышты. 28 пайызы тескери ойлойт. Дагы 30 пайызы согуш бир жылдан ашуун убакытка созулаарын айтышты, ал эми 18 пайызы салгылашуулар бир жылдын ичинде аяктайт деп ойлошот.