11:10, 05 августа 2022, Бишкек - 24.kg
Украинада аскердик аракеттер уланууда. Россиянын атайын операциясы 2022-жылдын 24-февралында башталган. Күн өткөн сайын өмүрү кыйылган аскерлер менен бирге жай тургундардын саны өсүүдө. Бир катар өлкөлөр Россияга каршы санкцияларды киргизди.
24.kg кырдаалга көз салууну улантууда. Биз Украинага байланыштуу 4-августка карата эң актуалдуу маалыматтарды топтодук.
Россиянын Коргоо министринин ">брифинги:
— Харьков тарапта 130 аскер кызматкери жана 13 сооттолгон техника жок кылынды.
— Константиновка районунда 95-бригаданын жайгашкан жерине сокку урулду. Анын жыйынтыгында 400 украин аскери жана 20 техника жок кылынды.
— Запорожье облусунун Новоивановка районунда жайгашкан ракета-артиллериялык кампасы жана темир жолдогу күйүүчү майдын запасы жок кылынды.
— Соледар, Артемовск жана Авдеевка аймагындагы Украина Куралдуу күчтөрү оор жоготуулардан улам артка чегиништи.
Британ чалгындоо кызматынын маалыматы
• Украинадан Түркияга жөнөтүлүп жаткан кемелердин саны көбөйүшү күтүлөт. 3-август күнү дан ташыган алгачкы кеме Босфордун жээгине ийгиликтүү жетти.
Шаарларды аткылоо
• Донецк элдик республикасы (ДЭК)Украина армиясы 4-август күнү эртең менен Донецкти үч жолу аткылоого алганын ">маалымдады. Шаарга 25 снаряд түшкөн.
• Донецкти аткылоо күндүз дагы кайталанды. ДЭРдин билдирүүсүндө, 5 киши каза болуп, алтоо жаракат алды.
• Луганск элдик республикасынын маалыматында, 3-августтан 4-августка караган түнү Луганкс аймагына ок атылган эмес.
• Николаев шаарынын мэри Александр Сенкевичтин билдирүүсүндө, таңга жакын кубаттуу жардыруу болгон. Шаардын эки району чабуулга алынып, үйлөр жабыркап, өрт чыккан.
• Харьковдо 3-августтан 4-августка караган түнү тынч өткөн жок. Бир нече снаряд учуп келип, бирок, бактыга жараша жабыркагандар болбоду.
• Никополя шаары дагы аткылоого алынды. Бир үй жер менен жексен болуп, 50 үй жабыркады. Электр энергиясы өчүп, 3 миң жаран жарыксыз калды.
Украин аскерлери жай тургундарды кооптуу абалган түртүүдө. Amnesty International укук коргоочу уюмдун билдирүүсүндө, аскердик базалар калк жашаган райондордо, мектептерде жана больницаларда жайгаштырылууда.
Бул эл аралык укукка каршы келип, жарандык объекттерди аскердик бутага айлантат. Жыйынтыгында жай тургундар каза болуп, жарандык инфраструктура талкаланууда.
Amnesty украин аскерлери 19 шаар менен айылдарда жарандык объекттерде жайгашканы боюнча далил тапкан.
— Донецк жана Луганск облустарын Россиянын курамына кошуу боюнча референдум күзүндө өтөт.
Мамлекеттик думанын КМШ иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Водолацкийскийдин айтымында, референдумга көп адам келиши күтүлөт. Анын билдирүүсүндө, ДЭР менен ЛЭР батырак добуш берүүнү өткөрүүгө шашылууда.
Херсонь облусундагы референдум өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Күнү бир ай ичинде белгиленет.
БУУнун башкы комиссарынын билдирүүсүндө, 24-февралдан бери 10, 35 миллион киши Украинадан чыгып кеткен. Анын 1 миллион 96 миңи Россия, 1 миллион 25 миңи Польшага өтүшкөн. 4,2 миллион адам кайра Украинага кайтып келген.