Маалыматка караганда, талибдердин «Омари» корпусунун командиринин орун басары, «Мулла Жан» деген ысым менен белгилүү мулла Мохаммад Жан Хамза мындай билдирүүнү Тохар провинциясында «Талибан» өкмөтүнүн министрлеринин бири менен жолукканда айткан. Ооганстандын Тохар провинциясы Тажикстандын Хатлон облусу менен чектешет.
Хамза: «Тажикстан Ооганстандын ички ишине кийлигишүүнү токтотпосо жана Душанбенин артында Орусия турбаса, талибдердин бул өлкөнү бир жуманын ичинде басып алууга кудурети жетет» деген.
Расмий Душанбе талиб командиринин бул билдирүүсүнө комментарий берген жок. Адатта тажик бийлиги талибдердин бийлигин тааныбагандыктан жана Кабул менен дипломатиялык мамилеси жок болгондуктан, «Талибан» өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө эч кандай реакция кылбайт.